Жетинин айы 10, 2024
Убакыт: 19:23
USD
86.05
86.55
EUR
92.30
93.30
RUB
0.870
0.910

Жогорку Кеңештин төрагасы IT институтун ачууну сунуштады

30.01.2023 13:12
253
Жогорку Кеңештин төрагасы IT  институтун ачууну сунуштады


Бүгүн, 30-январда Төрага Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов баштаган академиктерди жана окумуштууларды кабыл алды.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга илим изилдөө тармагын өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланды.


Төрага Нурланбек Шакиев илимпоздордун ордосу катары даражасы бийик экенине карабай Илимдер академиясынын абалы өтө начар экенин белгилеп: "Бул мамлекетибиз тарабынан аталган тармакка көп көңүл бурулбай жаткандыгынын анык мисалы. Алсак, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө илим изилдөө ишине өзгөчө басым жасалып, бардык өндүрүш иши алгач илимпоздордун колунан өтөт. Себеби, илимге негизделген экономиканын келечеги кең, өлкөнүн өнүгүшүндө илимдин салымы чоң. Ал эми бизде тескерисинче, илимий негиздеменин жоктугунан көпчүлүк иш аягына чыкпай калат. Андыктан жеңил өнөр жай тармагынан баштап, кен казуу, электр өндүрүү өңдүү ири өндүрүшкө чейинки долбоорлорду алгач илимий көз карашта ар тараптуу изилдөөгө алып, анан башташыбыз керек. Бул үчүн илимпоздорго жана алардын илим изилдөө ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү учур талабы", - деди.


Муну менен катар тармактагы көйгөйлөргө да токтолгон төрага калыптанган системаны реформалап, жаңы багытта өзгөртүүгө убакыт келгенин эске салды.


"Билим берүү тармагын да, илим изилдөө чөйрөсүн да азыркы заманбап доорго ылайыктап жаңылообуз зарыл. Анткени, ХХI кылым жаңы технологиялардын заманы экенине карабай, академиябызда IT тармагына байланышкан институттун жоктугу өкүндүрөт. Андыктан жаңы технологияларды жайылтуу ишин колго алып, тез арада академиянын алдында IT тармагы боюнча институт ачуу керек", - деп кошумчалады.


Ошондой эле акыркы учурларда ар ким өзү каалаган тармак боюнча гана изилдөө ишин жүргүзүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев: "Мындай көз карашты өзгөртүп, мамлекет тарабынан керектүү деп табылган тармактарга басым жасалышы шарт", - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн