Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйынына катышты

05.12.2022 17:16
218
Жогорку Кеңештин төрагасы ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйынына катышты



Бүгүн, 5-декабрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.


Биргелешкен жыйынды ЖККУ ПАнын Төрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөштү.


Өз кезегинде Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматына шайланышына байланыштуу куттуктоолор жана жакшы тилектер үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен катар бүгүнкү иш-чара жемиштүү жыйынтыкталып, жамааттык өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп каларына үмүт артарын кошумчалады.


"Кыргыз тарап ЖККУнун потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана жалпысынан коопсуздук жаатындагы көп тараптуу кызматташуудан сезилерлик натыйжа күтөт. Анткени, биргелешкен күч-аракетибиз менен биз коопсуз дүйнөнү түзүүдө уюмдун ролун жогорулата алабыз деп ишенем. Ошол эле учурда тынчтыкты, эл аралык, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн саясий-дипломатиялык алакаларга артыкчылык берүү зарыл", - деди Нурланбек Шакиев.


Мындан тышкары, Төрага ЖККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бул алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы жана эффективдүү механизми экенин белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн