Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы менен депутаттар Россияга иш сапары менен жөнөп кетти

05.12.2022 09:42
281
Жогорку Кеңештин төрагасы менен депутаттар Россияга иш сапары менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында айтылат.


Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.


Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн