Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мындан ары жалпы жыйынга чогулбайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алтынчы чакырылыштын жыйынтыктоочу жыйыны 22-декабрда өттү. 6-чакырылыш эми сессияны салтанаттуу жабуу аземине гана чогулат.
Маалыматка ылайык, парламенттин жетинчи чакырылышынын биринчи сессиясы качан болору азырынча белгисиз.
«БШК мандаттарды тапшыра баштаары менен биринчи жыйын өткөрүлөт», - деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн