Кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду.
Отурум депутаттык мандат алышкан “Кыргызстан” фракциясынын эки эл өкүлүнүн ант берүүсү менен ташталды.
Андан кийин Шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүнү көздөгөн мыйзам долбоору талкууланып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мындан тышкары Конституциялык палатанын бир катар судьяларын бошотуу маселеси каралды.
Ошондой эле “КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды жана мындан тышкары дагы бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн