Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жогорку Сот Адилет Балтабайды абактан бошотту

19.04.2023 16:50
288
Жогорку Сот Адилет Балтабайды абактан бошотту

Жогорку Сот 19-апрелде Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырды. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды.


Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн.


Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.


Быйыл январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активист кайра камакка алынган болчу.

Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн