Бүгүн, 9-июнда Жогорку сотто Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо иштери боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум болуп өттү. Сотко Жаңыл Мамбеталы төрагалык кылды.
Сот отуруму бир катар жактоочулардын келбегенинен улам жылдырылды.
Отурумга Нурбек Токтакунов, Замир Жоошев, Бакыт Жумашев, Марат Ишперов жана башкалар келишкен жок. Белгилүү болгондой, жактоочулардын келбегенине алардын башка соттук процесстерге катышып жатканы себеп болгон. Соттук коллегия 16-июнга чейин тыныгуу алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн