Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жогорку сот Райкүл Жапарова боюнча билдирүү таратты

05.02.2021 18:40
866
Жогорку сот Райкүл Жапарова боюнча билдирүү таратты


Жогорку сот Райкүл Жапаровага карата биринчи, экинчи жана көзөмөл инстанциясынын чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун 2021-жылдын 25-январындагы токтому менен жактоочуларынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра жаңылантуу тууралуу өтүнүчү орундатылган.

“Биринчи, экинчи жана көзөмөл инстанцияларынын соттук актылары жокко чыгарылган. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүш үчүн Башкы прокуратурага берилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Райкүл Жапарова 2014-жылы 22-октябрда жана 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунун тыштан соттоосу менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинде (кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга катыштыгы бар), 166-беренесинде (алдамчылык), 221-беренесинде (коммерциялык же башка умдардагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштуулукка айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн