Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 08:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Жогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү

23.06.2021 16:37
1168
Жогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.


Маалыматка караганда, бүгүн, 23-июнда Жогорку сот Зилалиевдин ишин карап, буга чейинки инстанциядагы соттордун чечимдерин жокко чыгарган.  Ишти кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.


Эске салсак, Зилалиев мыйзамсыз баюуга айыпталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн