Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жогорку сот, депутаттар жана укук коргоочулар Кыргызстандагы жарандардын укуктарын талкуулады

16.02.2022 08:27
589
Жогорку сот, депутаттар жана укук коргоочулар Кыргызстандагы жарандардын укуктарын талкуулады

15-февралда Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын демилгеси менен “Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы: сөз эркиндигин укуктук жөнгө салуу жана коргоо маселелери” аталышындагы терегек үстөл өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалары, тийиштүү жетекчилер, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Отурумду алып барган “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдө адам укугун, сөз эркиндигин коргоо багытында көйгөйлөр арбын экенин белгилеп: “Түзүлгөн кырдаал боюнча маалыматты бир дагы бийлик тутумуна кирбеген инсандардан угууну көздөдүк. Тегерек үстөлдүн натыйжасында атайын резолюция кабыл алып, Жогорку Кеңеште талкуулагандан кийин токтом иштеп чыгабыз”, – деди.


Андан соң баяндамалар жасалып, бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.


Алсак, "Адилет" укуктук клиникасы коомдук фондусунун директору Чолпон Жакупова мыйзамдарды инвентаризациялоо маселесине токтолуп: “Бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштерге бөлүнгөн убакыттын аздыгы жана тиешелүү координациянын жоктугу көйгөй жаратат. Андыктан, кеңири талкуу жүргүзүлүшү керек”, – деди.


Ошондой эле отурумда ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча жүрүп жаткан соттук иштер тууралуу да сөз болуп, сөз эркиндигин коргоо боюнча сунуш-пикирлер айтылды.


Тегерек үстөлгө катышкан Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылган маселелер эске алынаарын белгилеп: “Негиздүү сындар жана кеңештер өтө керек”, – деди. Муну менен катар тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.


Андан тышкары, медиа-серепчи Айданбек Акматов маалыматты бурмалаган жана мамлекеттик башкаруу органдарына карата ишенимди төмөндөткөн социалдык тармактардагы фейк аккаунттардын, интернет-троллдордун ишин көзөмөлдөөнү сунуштады.


Ал эми коомдук ишмер Клара Сооронкулова сотко болгон ишеним төмөндөп кеткенин билдирип, ишти кароо жараяндарын ачык өткөрүү зарылчылыгына токтолду.


Жыйынтыгында бир катар сунуш-пикирлердин негизинде атайын резолюция кабыл алынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн