Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 01:29
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Жогорку сот экс-депутатка карата өкүмдү жокко чыгарды

10.02.2021 09:34
1445
Жогорку сот экс-депутатка карата өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот экс-депутат Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.


Жогорку Соттун 3-февралдагы аныктамасына ылайык, Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы өкүмдөрү жокко чыгарылды.

Кылмыш иши соттун башка курамында Октябрь райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү.


Самаков 2008-жылы жер тилкелерин трансформациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 10 жылга эркинен ажыратылган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канымгул
Рас болду сонун болуптур ишине ийгилик аман есен кутулсунчу????????????????