Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жол эрежелерин бузган айдоочуларды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталды

13.10.2022 13:03
283
Жол эрежелерин бузган айдоочуларды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталды

Парламентте мыйзам долбоору каралууда, ага ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочу 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Исаев билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда бул мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Талкуунун жыйынтыгы менен мыйзамдын долбоору аныкталып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.


“Мыйзам долбоорунда мас абалында унаа башкарган айдоочуну 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган. Ал эми айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, адам өлүмүнө жана материалдык чыгымга алып келсе, анда жасалган кылмыштын оордугуна жараша айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун мөөнөтү узартылып, 3, 5, 10, 15 жылга жана өмүр бою эркинен ажыратуу чарасы каралган”, - деди ал.


Мындан тышкары, Исаев аталган мыйзам долбоорунда айдоочу жыл ичинде бир эле жол эрежесин 5тен көп жолу бузган болсо, анда ал “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүккө кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү каралганын кошумчалады.


Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдогу маданиятты көтөрүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн