Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жол кырсыгына кабылган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилди

13.06.2022 09:51
384
Жол кырсыгына кабылган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилди

 “Бишкек-Торугарт” автожолундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык,  11-июнь күнү саат 20:30 да Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда “Бишкек-Торугарт” автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы  “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышкан деген маалымат келип түшкөн. 


 Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБнүн электрондук маалымат журналына  катталган. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу  чыгып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген. 

 “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы  туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан. 


Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү  автоунаасынын айдоочусунун  өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан.  Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. болгон. 


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 


Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.  

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн