Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 16:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жол кырсыктан ата-энеси, эки тууганынан ажыраган балага Жумабеков жардам берүүгө даяр

20.07.2020 17:55
7030
Жол кырсыктан ата-энеси, эки тууганынан ажыраган балага Жумабеков жардам берүүгө даяр


9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы—Кочкор унаа жолунда катталган жол кырсыктан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгон. Ал эми кырсыктан жабыркап, учурда оор абалда ооруканада жаткан балага ортопед Сабырбек Жумабеков жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу  “Медиа  центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине ортопед Сабырбек Жумабеков өзү билдирди.


Анын айтымында, ал жабыркаган баланын жакындары менен байланышкан.


“Учурда ата-энеси жана жакындары жол кырсыгынан каза болгон бейтап Балыкчы шаардык ооруканасында 11 күндөн бери абалы оор бойдон жатат. Мен жакындары менен байланышып абалды түшүндүрдүм. Бишкек шаарына жеткирүүгө учурда карап жаткан дарыгерлери жоопкерчилик алса, биз аны 24 саат боюу кабыл алганга даярбыз. Кырсыктан кийин кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип, улам суу толуп жаткан экен. Андыктан алып келүү чечими жергиликтүү дарыгерлерден көз каранды”, - деди Жумабеков.


Буга чейин маалымдалгандай, бейтаптын чоң апасы Кулия Токтосунова "Үй-бүлөдө туяк калсын” деп Жумабековго кайрылып, андан небересинин саламаттыгы үчүн жардам берүүнү суранган.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Келдибекова Какен Өмүразизовна
Теңирим колдосун сени балам, айыгып кетсин, Сабырбек Жумабековдун колу жеңил болуп аман болсун! Элдин уулу Сабырбек Жумабеков аман болсун жараткан колдоп!