Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жолон Мамытов, Алыкул Осмоновдун ырларын которгон Михаил Исаакович 75 жашта

19.11.2021 13:10
3752
Жолон Мамытов, Алыкул Осмоновдун ырларын которгон Михаил Исаакович 75 жашта


Чыгармачылыкта да тагдыр күтөсүң. Ал тагдырдагы сапарлаштарын да өзүң сыяктуу жан дүйнө кистиси менен кынаптап сүрөт тарткандар болушат. Бир боекто жууруласың... Бир дем менен картина тартылат...


Мен мындан эмне айткым келди. Чыгармачылык табыштырган достуктан бир элдин адабияты башка элдерге таанылып, акын менен котормочунун чыгармачылык мейкиндиги кеңейет. Котормочулук өнөрдө орус акыны жана котормочусу Михаил Синельников Жолон Мамытов, Алыкул Осмоновдун  ырларын которууга түрткү бергенин белгилеген: "С середины 70-х годов. Мой интерес к Осмонову начался с того, что в отрочестве я ощутил особую любовь к нему у кыргызов. Позже творчество Алыкула и его значимость открыл для меня мой друг большой кыргызский поэт Жолон Мамытов. 


Он нередко рассказывал мне об Осмонове, читал его стихи, пытаясь донести до моего сознания все оттенки слов и выражений, знал все о жизни и судьбе классика. В 1988 году в Кыргызстане вышла книжка моих переводов, которую я назвал "Мой Алыкул". Издание посвящено памяти трагически ушедшего Жолона Мамытова".


Кийин Жолон Мамытовдун мыкты ырларын да орус тилине которгон жана "Отту сүйүү" деген 40 беттен турган макала жазган.


Михаил Синельников кыргыздын бир топ залкар акындарынын чыгармаларын: Токтогул, Касым Тыныстанов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбаев Жусуев, Омор Султанов, Сүйөркул Тургунбаев, Анатай Өмүрканов жана башкалардын чыгармаларын орус тилинде сүйлөтүп, котормолору Чыгыш дүйнөсүнүн илебин чачып турган. Кыргыз адабияты М. Синельниковго чоң карыздар. Бир дагы сыйлык ыйгара албаганыбыз чоң кемчилик. Кыргызстан тууралуу көлөмдүү "Ала кийиз" деген китеби жарык көргөн. Кыскасы, Кыргызстанга эмгеги зор. 


Урматтуу Михаил Исаакович!


Кутман курак 75 жылдык мааракеңиз кут болсун! Бекем ден соолукта болуп, чыгармачылыктын далай давандарын багындырыңыз! Эки элдин достугун даңгазалаган калемиңиз мокобосун!


Гүлзар Абдимиталипова, Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн