Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жолон Мамытов менен жолугушуп калганда

26.03.2021 12:52
1362
Жолон Мамытов менен жолугушуп калганда


Анда студент кез. Стипендия тийгенде, же болбосо шаар кыдырып чыкканда Дзержинкадагы кыргыз китеп дүкөнүнө бир кайрылбай өтчү эмеспиз. Бул жолу да досторум Марип, Сапарбай менен жаңы түшкөн китептердин улам бирин колубузга алып, барактап турганбыз. Аңгыча эле Сапарбай мени акырын капталга нукуп койду. ”Жолон Мамытов келди”, - деди анан шыбырап. Марип экөөбүз жалт карасак, бизден арыраакта кырк жаштардагы толмочунан келген киши туруптур. Ал кезде Рыспай аканин Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган “Издейм сени” ыры азыркыча айтканда хит болуп, биз студенттер ал ырды айыл чарба жумушуна барсак да, оюн-зоок кечелерди өткөрсөк да созолонто ырдап жүргөн кезибиз эле.


Жолон ака китеп текчелерин учкай карап өткөн соң сатуучу кыздан бирдеме деп сурады. ”Жок, эчак эле сатылып кеткен”,- деди сатуучу кыз. Анан мынтип кошумчалап койду. ”Сиздин китебиңиз көпкө турбайт”. Жолон ака унчуккан жок. Бирок сүйүнгөнү жүзүнөн көрүнүп турду. Биз болсо өкүнүп калдык. Себеби, акындын ошол жылы чыккан “Суунун өмүрү” китеби үчөөбүздө тең бар болчу. Жолон акага жолугуп калаарыбызды билгенде ала келип, кол тамга жаздырып алмак экенбиз. ”Жүргүлө, барып учурашалы”, - деди Марип. Жолон ака биздин филфакта окуурубузду, поэзияга кызыгарыбызды укканда аябай сүйүндү. ”Азаматтар!” деди барбалаңдап. ”Поэзия керемет нерсе да”. 


Бой көтөрбөгөн, аябай жөнөкөй киши экен. Биз менен көп жылдан бери чогуу жүргөн эски тааныштарындай сүйлөштү. ”Ала-Тоо” кинотеатрына чейин чогуу келдик. Анан Акын “Кыргызстан маданияты” гезити жайгашкан имарат тарапка кетти. Биз болсо жатакананы көздөй бет алдык. Үчөөбүз тең эргип алганбыз. Жарыша Жолон аканин ырын созолонтуп баратабыз:


Издейм сени арасынан элдердин,

Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга, мен ааламга.

Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин...


Мамат Сабыров, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн