Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жүк ташуучулар, чек арадагы элдин көйгөйү. Бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маселелер

02.02.2023 11:39
200
Жүк ташуучулар, чек арадагы элдин көйгөйү. Бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маселелер

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөлөр көтөрүлдү.


Алсак, депутат Жалолидин Нурбаев жүк ташуучу унаалар “дозвол” аталышындагы документ түрүн алууда кыйынчылыкка тушугуп жатканын айтып, ортомчулардын айынан коррупциялык жагдайлар жаралып жатканын кошумчалады. “Андыктан аталган документти ар бир мамлекеттин чек арасында алууга өбөлгө түзүү кажет”, – деди депутат.

Ал эми депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусундагы жарандардын көйгөйүнө токтолуп, турак-жайынын документтери жоктугунунан социалдык жөлөк пул ала албай жаткандар арбын экенин маалымдады.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев жакында эле Бишкек хореографиялык окуу жайынын ишмердүүлүгү менен таанышып келгенин эске салып, аталган мекемелеге мамлекет тарабынан көңүл бурууга чакырды.  

Андан тышкары, депутат Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусунда 1995-жылга чейин балдардын клиникалык ооруканасы иштеп келгенин, ага ылайык жоюлуп кеткен медициналык мекемени кайрадан ачуу керектигине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн