Теке 19, 2025
Убакыт: 05:01
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

19.08.2022 10:51
552
Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Блогер Батмакан Жолболдуева 18-августта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу  анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева  Kloop редакциясына  билдирген.


Маалыматка караганда, мындай чечимди Баткен райондук соту кабыл алган. Кийинки отурум 8-сентябрга белгиленди.


Эске салсак, «Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн