Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Журналист Болот Темиров Россияга депортацияланды

23.11.2022 22:23
353
Журналист Болот Темиров Россияга депортацияланды

23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук коллегия күбөнү суракка алгандан кийин тараптардын жарыш сөзүн укту.


Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле ага өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонууну суранды. 3-4 саттык кеңешмеден кийин сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Өзүн сот залынан кармап кетишти.


"Азаттык" радиосу кабарлагандай, Болот Темиров Россия Федерациясына депортацияланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн