Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Журналист Болот Темировдун соттук отуруму 24-июнга белгиленди

21.06.2022 12:50
545
Журналист Болот Темировдун соттук отуруму 24-июнга белгиленди


Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча сот отурум болуп өттү. Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөлүү эместигин жана бардык иштер жасалмаланганын айтты.

Кийинки сот отуруму 24-июнга белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темировго 4 берене (баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, документтерди жасалмалоо, мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма аскердик күбөлүктү пайдалануу) боюнча шектелип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.
https://www.super.kg/kabar/news/410817/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн