Temirov Live каналынын башкы редактору, журналист Болот Темировго дагы үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу журналист социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу маалымат Темировго 19-апрелде билдирилген.
Бүгүн, 20-апрелде журналист саат 10:30га Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды.
Болот Темиров жаңы козголгон кылмыш иштери акыркы иликтөөлөрүнө байланыштуу деп эсептейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн