Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып абакта отурган блогер Батмакан Жолболдуеванын соту 14-июлда башталат. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” маалымдады.
Анын айтымында, учурда блогер Жалал-Абадагы тергөө абагында отурат.
26-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева блогерге айыбы угузулуп, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөнүн маалымдаган.
Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. 25-майда сот анын камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн