(2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында жарыяланган макала)
2014-жыл: «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» – деп жарыяланган эле. Мына эми жыл соңуна чыгып баратат. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча өлкөбүздө өзгөчөлөнгөн деле иш-чаралар өтпөгөн сыңары. Бирок Украинада болуп жаткан окуялар бизди мамлекеттүүлүк, аны бекемдөө, өлкөнүн бүтүндүгү сыяктуу маселелер боюнча терең ойлонууга түрткү болду.
«Мамлекет» жөнүндө көндүм түшүнүктөрдү жыйынтыктасак, анда «мамлекет» – эң ириде жер, анда жашаган эл, элдин атынан башкаруу институттары (аппарат, өкмөт, салык системасы ж.б.), мыйзамы, Конституциялары, атрибутикасы – Герб, Гимн, Туусу жана эл аралык мамилелер, башкача айтканда, башка өлкөлөрдүн аны эгемен өлкө катары таануусу. Мамлекетти күчтүү кылып турган, анын эң ириде улуу салттары менен туруктуу мыйзамдары (маселен, Улуу Британия менен Жапон мамлекети) жана туруктуу экономикалык кубаттуулугу. Өлкөнүн туруктуу саясий системасы, укуктары, мыйзамдары жана экономикасы канчалык күчтүү болсо мамлекет ошончолук дөөлөттүү экени талашсыз.
Бүгүнкү күндө Бириккен Улуттар Уюмунда эки жүзгө жакын эле мамлекет таанылган. Ал эми дүйнөдө жети миң тил, эки жарым миң улут бар, бирок жети миң мамлекет жок. Кыргыз эли ошол өз мамлекети бар бактылуу улуттардын бири. Экинчиден, азыр ааламда алтымышка жакын эл (маселен, Луганск, Донбасс, Түндүк Осетия, Приднестровье, Күрдистон, Түндүк Кипр сыяктуу) өздөрүн мамлекетпиз деп эсептейт. Бүгүнкү күндө Францияда – 12, Индияда – 5, Австралияда – 4, Аргентинада – 2, Бельгияда – 2 дүйнө коомчулугу тарабынан таанылбаган өлкөлөр бар. Бирок, аларды Бириккен Улуттар Уюму, башка дүйнө коомчулугу эркин мамлекет катары тааныбайт. Алар эл аралык укуктук мамилелердин субъектиси эмес. Ал эми биздин Кыргыз Республикабыз, кудая шүгүр, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү тааныган, баары менен эл аралык дипломатиялык мамиле түзгөн жана дүйнөлүк тиешелүү институттар менен иштешип жаткан толук кандуу эгемен мамлекет. Бул улуу дөөлөт эмеспи. Үчүнчүдөн, биз сыяктуу калкынын саны 5–6 миллиондун тегерегинде эле болуп, бирок өз эне тилин мамлекеттик катары кабыл алган мамлекеттер саналуу эле (маселен, Лаос, Македония, Монголия, Прибалтика, Скандинавия өлкөлөрү). Биз Орто Азияда калкынын саны эң аз өлкө болуп эсептелебиз. Демек, өз эне тилинде өз мамлекетин куруу – зор салтанат эмеспи. Азыркы күндө дүйнө элинин сексен пайыздан ашыгы англис, немис, француз, португал, араб, кытай, испан, орус тилдеринде гана сүйлөйт.
Демек, бүгүнкү күндө бутка туруп келе жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөн артык озуйпа жок. Адам баласы үчүн эң кымбат өмүр болсо, улутубуз үчүн эң кымбат – бул мамлекеттүүлүктү сактоо жана бекемдөө.
Мамлекеттүүлүк – ошондой эле руханий жана интеллектуалдык категория. Башкача айтканда, өлкөдөгү адам руханияты, билим, маданият жана адеп-ахлак, адамгерчилиги. Бул жагынан алганда биздин бүгүнкү муунга үлгү боло турган улуу инсандарыбыз жок эмес. Алардын баскан жолу, кылган эмгеги, тайманбас баатырдыгы баарыбыз үчүн үлгү.
Алардын бири, көрүнүктүү, өмүрү өрнөк инсан – Жусуп Абдрахманов. Жапон элинин жалпы самурайлык кодекси, бир эле Бусидо аттуу адамдын жеке жашоосунан алынган. Ал эми кыргыз элинин саясий элитасы үчүн Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалы, жеке касиети ошондой «Кыргыз намыс кодекси» болууга толук татыктуу.
Болгону Көлдүн четки айылдарынын биринде тулуп, он үч жашында араң мектепке барып, үч жылга жетип-жетпей 1916-жылдагы каргашалуу Үркүндө ата-энеси, жакындарынан биротоло ажырап, томолой жетим калып, ар кимдин атын багып, короосун шыпырып чоңоюп, анан кантип мынчалык масштабдагы мамлекеттик ишмер болуп чыга келгени бир эсе таңгалыштуу, бир эсе табышмактуу.
Анын эң чоң ырыскысы – бала кезинде зирек билим алып калган. Орус тилин да мыкты билгендиктен, кийин Кызыл Гвардияда кызмат өтөп, комсомолдук уюштургуч болуп, алыскы айылдарда партячейкаларды түптөп тааныла баштайт. Ошондон баштап бүт өмүрү орошон иште, кайнаган кармашта, күрпүлдөгөн күрөштө өттү. Бүт жашоосу мамлекет менен, же ошо кездеги түшүнүктө айтканда советтик, партиялык, чарбалык иштер менен байланышты. Билимин – билик, каруусун – казык, эркин – эсеп, өмүрүн – өзөк кылды элинин келечеги үчүн.
Ж.Абдрахманов жаштыгына карабастан даанышман болгон. Ал ар кандай кагылыштарга чачкындап кеткен жана кылымдардан бери азап чеккен кыргыз эли совет бийлигинин курамында гана улуттук өзгөчөлүгү менен биримдигин сактап каларын, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүүгө жетишерин көзү ачыктык менен алдын-ала түшүнө билген.
Анын бирден бир эмгеги – советтик тариздеги жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында туруп, дал ошол тагдыр чечкен маселеде түркүк болуп, орошон окуялардын ордосунда жүрдү.
Жусуп Абдрахманов эң ириде өз алдынча улуттук автономия түзөбүз дегендердин туу башында болгон. Ошол себептен алгач Тоолуу Республика деген идеяны көтөрүп чыккандардын арасында, кээде улууларды, айрыкча өзүнөн 12 жаш улуу Абдыкерим Сыдыковду алдыга чыгарып, дем берип үзөңгүлөш жүргөн. Ошолордун аракетинен улам 1924-жылы РСФСРдын курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Демек, бул укуктук статус – ошол муундун анык көрөңгөсүнөн жаралды. Андан бери 90 жыл өттү. Ошондо эле эгемендиктин эртеңин көрө билүү не деген көсөмдүк, аны ишке ашыруу не деген эрдик эле.
Андан кийин 1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусу автономиялуу республикага айланды. Абдрахманов өз тилектештери менен бирге эми Союздук Республиканын статусуна жетишүүнү максат кылды. Анын бул аруу тилеги алты жылдан кийин, өзү Оренбургда сүргүндө жүргөндө гана ишке ашыптыр. Кыргызстан ошондо СССРдин курамында толук кандуу союздук республика катары кирген. 1991-жылы колубузга тийген эркиндиктин да тулку теги, башкача айтканда, пайдубалы – Конституциялык укук – негизи да ушул тарыхый окуяда жатат. Эгер ал ишке ашпай калганда, биз бүгүн Кара калпак сыяктуу же Казакстанда, же Өзбекстанда автономиялуу республика болуп кала беришибиз толук күмөн эле. Ушунун баарына күрдөөлдүү күрөш менен оңбогондой оор иштерди аткарып, бийликтен коркпой-үркпөй өз өмүрүн сайып коюп эл үчүн, улут үчүн, мамлекет үчүн өзүнүн бүткүл күч-кайратын арнаган Жусуп Абдрахманов мамлекетибиздин нагыз негиздөөчүсү эмеспи.
1927-жылы болгону 26 жаштагы Жусуп Абдрахмановго алгачкы Кыргыз өкмөтүнүн башчысы болуу озуйпасы туш келип, Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындалган. Бул кызматта алты жыл иштеп, көптөгөн жылдар бою түптөлүп, азыркы муундун энчисине өткөн мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалын курууну жеке өзү жетектеген. Атургай кезинде Москвага барып Ленин менен теңата аңгемелешип, улуттук тил маселесин туура коюп, так түшүндүрөт.
Сталиндин авантюристтик агрардык саясаты 1932 – 1933-жылдары бүт өлкөнү катуу ачарчылыкка алып келди. Украинадан, Казакстан менен Сибирге чейинки кең аймактагы карапайым калк айрыкча азап тартты. Миллиондогон калк боо-боо түшүп кырылып жатты, миллиондор бир сындырым нан издеп түштүккө акты. Казакстан менен Сибирден азып-тозгон жүз миңдеген адам Кыргызстанга тентип келди.
Ал учурда Кыргызстан өзү деле жыргап турган эмес. Дан даярдоо планы Кыргызстанга асмандан алынып, ойдон чыгарылып таңууланган. Иштин көзүн тааныган Ж.Абдрахманов Сталинге жазган түшүнүк катында дан даярдоо боюнча план-милдеттенмени аткарууга эч мүмкүн эместигин жазган. «План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейли», – деген экен Абдрахманов. Демек, элдин өмүрүн өзүнүн кадырынан да бийик койгон.
Абдрахманов 1933-жылы ээлеген адилетсиз кызматынан бошотулуп, Самарага, андан соң Оренбургга айдалган. 1937-жылы камалып, бир жарым жыл НКВДнын кыйноосун тартты. 1938-жылдын ноябрында ага оңчул троцкисттердин уюму менен бирге аракет кылып, Совет бийлигин кулатууну, Кыргызстанды СССРден бөлүп чыгууну жана антисоветтик багыттагы террордук диверсиялык-чыккынчылык Социал-Туран партиясына кирген деген айып тагылып, жалган жалаа менен жайрады.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет» – деп коёт кыргыз эли. Мезгилден ашкан калыс сот жок. Ал ар нерсени эртедир-кечтир талдайт, таразалайт, ордуна коёт. Абдрахмановду «эл душманы» катары атышты эле, көмүштү эле, эмки муундун эсинде тайманбас көк жал, такшалган мамлекеттик ишмер болуп тирилди. Адамды атса болот, чындыкты эч ким ата албайт.
Мына ушул Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Б.Исакеев, Т.Айтматов, О.Алиев, А.Орозбеков, Э.Эсенаманов сыяктуу кыргыз мамлекетинин башатында турган улуу инсандардын эмгегин баалап, мамлекетибизди, Мекенибизди сактай алабызбы?
…1938-жылдын 5-ноябрь күнү Жусуп Абдрахмановду суракка алып келишет. Кирсе тергөөчү тамеки тартып, чөйчөккө куюп ром ичип рахаттанып отурган экен. Жусуп аларга: «Мага да тамеки бергиле, анан ром ичип айткан кагазыңарга кол коюп берейин» – дейт. Суранычы орундалып, тамекисин күйгүзүп, бир аз ром ичип, денеси жазылгансып, анан аны тергөөчү мазактагандай кабыл алат. Экөө айтышат. Ошондо кашгөй, Манастын түз урпагымын деп өзүн санаган Ж.Абдрахманов: «Акыйкат барбы, же аны атып өлтүрдүңөрбү? Совет бийлигин орнотуп жүрүп, силердей шүмшүктөрдү байкабай калганыма өкүнөм» – дейт да ордунан тура калып, отургучун так көтөрүп туруп тергөөчүнү баштан ары сала берет. Сырттан дароо кирип келген сакчы Жусупка мылтык такап туруп атып таштайт.
Демек, Жусуп чөгөлөбөй, өлүмгө тике карап өлгөн.
Курманжан датка энебиз да өз уулу Абдылдабек даргага асыларда ушинтип айтат эмеспи. Өткөндө да Президент А.Атамбаев: «Кыргыз баласы эч бир кошуна өлкөгө барып чөгөлөбөйт. Андан өлүмдү бийик көрөт» – деп айтты го. Демек, Жусуп Абдрахманов көрсөтүп кеткен жол – нака кыргыз баласына мүнөздүү шердик касиет.
1938-жылдын 7-ноябрынан 8-ноябрына караган түнү алар башы баталгага коюлуп атыларда соңку көз ирмемдерде нени ойлонду болду экен, кайрандар?
Эң ириде, энесин, анан атасын, жакындарын, өз Мекенин ойлогон чыгар…
…Артыбызда атыбызды алдейлеп атай жүргөн акыйкат заман келээр бекен деп сызылгандыр.
…Соңку ирет дем алып, соңку ирет жүрөктөрү согуп, соңку ирет көздөрү ирмелип баратканда эртеңки эркин Кыргыз мамлекети көздөрүнөн көк жээк болуп учкан бекен?
Ким билсин, аттигиниң.
Эмнеси болсо да алар өмүрүн арнаган, алар элестеткен Эркин Кыргыз мамлекетинин кадырына жете билсек экен.
Каныбек Иманалиев, КР ЖК депутаты, журналист
Пикирлер (1)