Президент Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов жана Акматбек Сүйүмбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу (каза болгондон кийин) жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Сыйлык Абдрахмановдун көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн