Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Жусупов Аширбай: “Элиме жардам берүү ниетим өз кызыкчылыгымдан жогору турат”

08.09.2020 10:14
1103
Жусупов Аширбай: “Элиме жардам берүү ниетим өз кызыкчылыгымдан жогору турат”


“Биримдик” саясий партиясы аймактарда  үгүт иштерин кызуу жүргүзүүдө. Партиянын аймактардагы талапкерлери  Жогорку Кеңешке шайланууга кандай максаттарды көздөп аттанып жатышкандыктары тууралуу эл арасында өздөрүнүн программасы тааныштырууда. 


“Баткен облусунун Лейлек району төрөлүп өскөн жерим. Мен бул аймактын менталитетин элин жерин  жана жетишпегендиктерин, уккандан эмес, бул аймактын кулуну катары терең билем. Ошондуктан өзүмдүн көмөгүмдү кошуп,  жардамымды көрсөткөнгө белсендим.      Анткени, кайсы тармакка кандай жардам керек экенин жакшы биллем”, -   деп билдирди “Биримдик” партиясынын тизмесинде өз талапкерлигин коюп жаткан Аширбай Жусупов.


Ошондой эле ал, Баткен облусунун  чек ара айылдарында жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу,  таза сууга болгон муктаждыкты чечүү, суу каналдарын куруу, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, женилдетилген кредиттер өңдүү  маселелер арбын экендигине токтолуп өттү


“Баткен облусунун башкы маселеси, бул аймакка тиешелүү зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алуу. Мисалга алсак, чек ара боюнча өзгөчө статус берүү керек”, - дейт ал.


Аширбай Жусупов шайлоого “Биримдик” партиясы менен бирдикте бара жаткан максаты тууралуу мындай деди: “Мен өзүмдүн күчүмө ишенгеним үчүн талапкердигимди койдум. Анткени, элиме жардам берүү ниетим өз кызыкчылыгымдан жогору турат. Бул үчүн турмуштук тажрыйбам, ал-кубатым жетишет.  Буюрса шайланып калсам, кабыл алынган  бюджеттин жана мыйзамдардын так аткарылуусун көзөмөлдөп, өлкөнүн  өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу жаңы мыйзамдарды иштеп чыксам деймин”.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн