Кулжа 16, 2024
Убакыт: 18:08
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Замирбек Базарбеков ШКУ Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX отурумуна катышты

23.05.2024 16:38
175
Замирбек Базарбеков ШКУ Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX отурумуна катышты


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX отурумуна катышты.

КР делегациясынын курамында Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле аппараттын коомчулук, ЖМК жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айгерим Шамурзаева бар.

Кыргызстандын жогорку сот органынын башчысы аталган уюмга мүчө-мамлекеттердеги кесиптештер, байкоочулар, ошондой эле ШКУ катчылыгынын жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү менен биргелешкен жыйында сөз сүйлөдү.

"Бүгүн биз жарандык, административдик сот өндүрүшү жаатында тажрыйба менен алмашып, адамдарды трансулуттук сатуу боюнча кылмыш иштерин кароо практикасын карап чыгабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой, адам сатуу олуттуу глобалдык көйгөй болуп саналат, анткени ал дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө жана аймактарына таасир этет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биргелешкен аракеттер, анын ичинде укуктук маалымат алмашуу жана өз ара жардам көрсөтүү формаларында эл аралык кызматташтык зарыл", - деп белгиледи Замирбек Базарбеков.

Мындан тышкары, аталган кеңешменин жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков жарандык сот өндүрүшүндө медиация институтун пайдалануу темасы менен доклад жасаса, төраганын орун басары Нургуль Бакирова "Административдик сот адилеттигинин калыптанышы жана өнүгүү келечеги" деген темада доклад жасады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн