Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды жана балдарды коргоо үчүн китеп окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү

14.02.2022 12:25
641
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды жана балдарды коргоо үчүн китеп окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды жана балдарды коргоо үчүн китеп окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган биргелешкен демилгесинин алкагында Бириккен улуттар уюму жана Европа Биримдиги тарабынан «Жарык шооласы» китеп окуу куралдары – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин инспекторлор үчүн колдонмосу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин участкалык милиция кызматкери үчүн «Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар жана балдар үчүн укук коргоо жана сот адилеттиги чөйрөсүндө негизги кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттуу операциялык жол-жоболору» аттуу окуу куралы иштелип, басылып чыкты. 


 Бул китеп куралдары республика боюнча милициянын участкалык инспекторлоруна жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорго тапшырылат.


 Колдонмо китеби зомбулуктан жабыр тарткан балдарга кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуунун жана жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарын иш тажрыйбасында колдонуу максатында балдар иштери боюнча инспекторлорго арналган. Китеп балдарга карата зомбулуктун алдын алуунун укуктук негиздерин камтыйт, зомбулуктун түрлөрү жана белгилери, ошондой эле зомбулуктун кайчылаш формаларына кабылган балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү каралат. 

 Китепче мектептердин психологдору жана мугалимдери үчүн, ошондой эле жабыр тарткан балдарга кызмат көрсөтүүгө кызыкдар окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн пайдалуу.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн