Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Зулушев Бакуда КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун кеңешине катышууда

15.09.2023 17:13
274
Зулушев Бакуда КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун кеңешине катышууда


Башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган делегация Бакуда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынына катышууда.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын жүрүшүндө Зулушев "Тестиер өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тажрыйбасы" аталышында баяндама жасады.

"Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын жетекчиси балдардын укуктары биздин көңүл буруубузду жана аракеттерибизди талап кылган коомдук-укуктук ишмердүүлүктүн маанилүү аспектиси. Балдардын укуктарын коргоо – бул мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жарандардын ырааттуу ишин талап кылган жоопкерчилик. Бул жаатта биздин биргелешкен иштерибиз сезилээрлик натыйжа берээрине, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө кызмат кылаарына ишенем", - деди ал өз сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө прокурордук ишмердиктин түрдүү багыттары, КМШ мейкиндигинде трансулуттук кылмыштарга биргеликте чара көрүү, алардын алдын алуу үчүн тыгыз кызматташуу маселелери кеңири талкууланып, тажрыйба бөлүшүлдү.

Отурумдун жыйынтыгында Координациялык кеңештин бир катар чечимдерине кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн