Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курчуп кеткендигине байланыштуу өлкө жарандары өкмөттү карап отурбай, өз алдынча жардам берүүнү колго алышты. Кыргызстандыктар учурда ооруканаларга, медициналык кызматкерлерге колунан келген көмөгүн көрсөтүүнү улантып жатышат. Жалпыга келген илдетке каршы күрөшүүдө кыргызтандыктар кол сунушту. Алардын бир канчасын топтодук.
Кыргызстандык ага-ини Шамиль Талантов жана Камчыбек Аскатов Каракол шаарындагы дарыгерлерге жардам берүү үчүн унааларын сатууну чечишкен. Камчыбек 17 жашта, ал эми Шамиль Аскатов 22 жашта.
Алар өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу четте калбай, медиктерге жардам берүүнү чечишкен. Алардын айтымында, унаанын каражатына Каракол шаарындагы медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторлорун жана дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды сатып берүүнү көздөшүүдө.
Ал эми “Дордой” базарында иштеген ишкер айымдар ооруканаларга 29 кислороддук концентратор алып бергенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирген.
“Аселя Атабекова баш болгон кыргыздын патриот айымдары акча топтоп, 29 кислороддук концентратор алып келди. Анын 13ү Ошко берилди. Он алтысын ишемби күнү түнү Гансиге тапшырып кайттык. Учурдан пайдаланып аларга ыразычылык билдирем”, - деген ал.
Бишкек шаарынын тургуну, ишкер Атыркүл Ибраимова 320 орунга эсептелген ресторанын күндүзгү стационар кылуу үчүн Көк-Жар айылындагы айыл өкмөтүнө берген.
"Азыр шаарда күндүзгү стационарлар ачылганы менен орундар жетишсиз болуп жатат. Ошондуктан "Даршан Холл" ресторанын убактылуу пайдаланууга берүүнү чечтик. Имаратты бошотуп бердик, азыр 20 керебет коюлду. 50 орундуу стационар кылууну пландап жатабыз", - деген ал.
Ошондой эле, меценат, ишкер айым Бурул Аманова да кайрымдуулук акцияларынан четте калбай, жардамдарын көрсөтүүдө. Ал «Silk Road Lodge» мейманканасын медиктер үчүн обсервацияга айландырды.
"Учурда эпидемиологиялык кырдаал оор болуп турат. Мындай оор күндөрдө элибизге кантип жардам берсек болот деп сүйлөштүк. Медицина кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин мейманкананы медиктерге, аймактардан Бишкекке жардам берүү үчүн келип жаткан ак халатчандар үчүн берүүнү чечип, социалдык тармактар аркылуу элге кайрылдык. Бизге мэриядан жана өкмөттөн дароо байланышка чыгышып, мейманкананы карап чыгуу үчүн адистер жибериле турганын айтышты. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери келип көрүшүп, уруксат беришти. Азыркы күндө мейманканага 18 медицина кызматкери жайгаштырылды, суроо талапка жараша жаңы дарыгер, медайымдар үчүн орундарды берип жатабыз", - деген ал озунун маегинде.
Ал эми "Бир барбыз" кайрымдуулук бирикмеси кыска мөөнөттун ичинде элден чогулган каражатка 100 кычкылтек концентраторуна буйрутма берди. Бул боюнча жарандык активист Урмат Насыркулов билдирди. Каражатты чет мамлекеттерге жашаган кыргызстандыктар дагы которушкан. "Бир барбыз" бирикмеси ошондой эле, буга чейин медициналык кызматкерлерди керектүү жабдыктар жана түшкү тамак менен камсыздап келишкен.
Ошондой эле, чыгармачылык чөйрөдөгү инсандар дагы чете калган жок. Ырчы Мирбек Атабеков ГИВ оюнуна чогулган 2 миллион сомго жакын каражатты кайрымдуулука которду.
Анын айтымында, оюнга деп чогулган каражатты Бишкек шаарындагы 2 клиникага 200 бейтапты камсыздай турган медициналык каражат чогултуп жаткан Бабур Толбаевге берет.
“Гивге демөөрчү болгондордун баарына ыразычылык билдирем. Эгер оюн уюштурулбаса каражатты кайтарып бергиле десеңер пандемия бүткөндөн кийин маңдай терим менен иштеп, таап берем”, - деген ал.
Ал эми анын жубайы Мээрим 10 кычкылтек концентратордук аппараттарын сатып алууга каражат топтогон. Анын айтымында, ал краундфандинг аркылуу 4260 доллар чогулган. Бул каражатка госпиталдарга жана Кыргызстандын райондорундагы ооруканаларга кислороддук дем алдыруу аппараттарын алып берүүнү максат кылып жатат.
Ырчы Анжелика COVID-19 инфекциясы жана пневмония менен ооруган жарандар учун кычкылтек концентраторлорун алууга 85 000 доллар чогулткан. Ага блогерлер жана ырчылар ошондой эле ишкерлер, жарандар жардам көрсөткөн.
Чет мамлекеттерге иштеп жүргөн кыргызстандыктар дагы мекенине жардам берип, каражат которушууда. Алсак, Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар кычкылтек концентраторлорун алуу үчүн 7423 доллар салып жиберишкен. Алар аймактардагы ооруканаларга жиберилмекчи. Ошондой эле, Италия, Россия, Америка жана Түркияда иштеген кыргызстандыктар мекенине гуманитардык жардам жиберүү ишин колго алышты. Мекендештер кычкылтек концентраторлорун жана дары-дармектерди жөнөтүп жатышат.
Ал эми ыктыярчылар атайын топ түзүп, медициналык билими жок болсо дагы ооруканаларда ыктыярчы катары жардам берүүнү колго алышты. Алардын катары күн санап көбөйүүдө. Мындай демилгени алгач футболчу кыз Айдана Оторбаева көтөрүп, аны көптөгөн жаштар колдоого алышкан.
Ошондой эле, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев өздөрүнүн кызматтык унааларын медициналык кызматкерлерге колдонууга беришти. Унааларын аймактык бириктирилген ооруканасы жана Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борбору пандемия учурунда колдонушат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн