Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Джанузаков Адилет Канатовичке жүктөлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындан мурда, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Араев Азамат Муратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн