Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 01:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин жана Финполдун төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

20.10.2020 09:18
549
Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин жана Финполдун төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары «К.Б.Т.» жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасынын мурдагы орун басары «Ж.Э.Э.» өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматтарга караганда, аталган кызмат адамдары КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди оң тарапка чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан.


Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК бакшы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринни алкагында «К.Б.Т.» жана «Ж.Э.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн