Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:57
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү Нургазиев каналы боюнча түшүндүрмө берди

25.03.2021 17:27
753
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү Нургазиев каналы боюнча түшүндүрмө берди

Кадамжай районундагы Нургазиев туннели Өзбекстан Республикасынын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок, жана тынчсызданууга негиз жок.   Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Анткени Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт. 


Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстан Республикасынын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт. 


Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эмес. 


Белгилей кетсек бүгүн 25-мартта, КРнын ЖКнин депутаты Бурун Аманова, демаркация иштеринин жүрүшүндө, Кадамжай районундагы Нургазиев туннелинин башы, Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин сатусун эске алууну белгилеген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн