Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өлкө аймагында 1 606 жаран коменданттын талаптарын бузду

03.04.2020 10:02
799
Өлкө аймагында 1 606 жаран коменданттын талаптарын бузду


Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат убактысында жалпы республика боюнча  тартип бузганы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 117 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


Алардын ичинен:


Бишкек шаары боюнча - 86;


Ош шаары боюнча - 29;


Сузак районунда - 1;


Кара-Суу районунда – 1 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди.


ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын  талаптарын бузгандар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1 606 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.


ИИМ жарандардан өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн