Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 38 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, кайталанып алынган анализден илдет табылган эмес.
Бир сутка ичинде ооруканадан айыгып чыккандар төмөнкү аймактарда:
Бишкек шаарында – 7;
Нарын облусунда
– 2;
Ош облусунда – 25;
Ош шаарында – 1;
Баткен облусунда – 3.
Республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн