Бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу 11-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, оорудан сакайгандар Бишкек шаарында – 11, Нарын облусунда – 2 адам.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1100 адам жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн