Бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу 8-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, оорудан сакайгандар Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 6 жана Нарын облусунда – 1 адам.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата жалпы 650 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн