Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам каза болду

15.05.2020 10:12
925
Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам каза болду


Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  билдирди.


Анын айтымында көз жумган эки бейтаптын тең өнөкөт оорулары болгон.


“Нарын облусутук ооруканасында 84 жаштагы аял каза болгон. Ал буга чейин эски оорулары менен бейтап канага кайрылып жүргөн. Ал медициналык жардам көрсөткөнүнө карабастан, илдеттен каза болду. Анын сөөгү жерге берилди.

Мындан сырткары, бүгүн эрте менен 55 жаштагы бейтап Республикалык клиникалык ооруканасында каза болду. Ал бейтапканада дарыланып жаткан болчу”, - деди Үсөнбаев.


Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны муну менен 14кө жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн