Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өлкөдө курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензиянын наркы кескин көтөрүлдү

09.07.2024 17:28
163
Өлкөдө курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензиянын наркы кескин көтөрүлдү


Өлкөдө курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензиянын наркы кескин көтөрүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган.


Мурда лицензия үчүн төлөм миң сом болсо, эми объектилердин категорияларына жана куруучунун жоопкерчилигине жараша бир топ жогору болот.


Лицензиялардын жаңы баасы төмөнкүдөй:

- юридикалык жакты түзбөгөн жарандар үчүн — 50 миң сом.


Юридикалык жак түзгөндөргө:

- курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли үчүн — 150 миң сом;

- курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин II деңгээли үчүн — 700 миң сом;

- курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин I деңгээли үчүн — 1,5 миллион сом.


Курулуш ишинде лицензиянын дубликатын берүү үчүн (жоготуп же айрылып калганда) 5 миң сом төлөөгө туура келет.


Лицензия мөөнөтсүз, бирок курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган учурда кайтарып алынышы мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн