15-февралда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” үналгысына берген мегинде облуска президент жана премьер-министрдин эрки менен чоң жардам берилерин билдирген.
“Президенттин саясий эрки жана премьер-министрдин эрки болуп атат. Баткен облусуна чоң жардам беребиз деп жатышат. Мунун өзү эле чоң шарт. Анан мен ошонун баардыгын угуп туруп макулдугумду бердим. Анткени алардын мүдөөсү да, менин мүдөөм да баары бир болуп атат Баткен облусундагы маселелерди тез арада колдон келишинче жоюуга”, - дейт ал.
Пикирлер (1)