Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Суваналиев: «Канча бир адам барымтага алыныптыр деген сөздөр бар, аны териштирип жатабыз» (видео)

30.04.2021 13:38
822
Өмүрбек Суваналиев: «Канча бир адам барымтага алыныптыр деген сөздөр бар, аны териштирип жатабыз» (видео)


Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» берген маегинде чек ара жаңжалындагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында эки тарап ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгондон кийин аскерлердин арасында ок атышуу токтогон, бирок жергиликтүүлөрдүн арасында ок атышуулар болуп калып жатат.


«Чек ара аймагында түндө комиссия кол койгондон кийин , келишим түзүлгөндөн кийин аскерлердин арасында ок атышуу токтоп калган. Бирок, кээ бир жерлерде ок атышуулар болуп жатты. Бирок, аскердик кагылышуулар болгон жок. Экинчиден, бүгүнкү күндө жанагы күйүп кеткен үйлөрдү, канча киши жаракат алгандардын бардыгын биз тактап жатабыз. Ошондон кийин Баткен районунун Көк-Таш айылында ок атышуунун натыйжасында 121 жаранга ок тийген. 120 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылды. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканага которулду. 13 жаран каза болду. Ошонун ичинен үчөө аскердик кызматтагылар. Баткен району боюнча жалпы 7093 адам Баткен шаарына жана туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү. Лейлек району боюнча 13500 адам убактылуу көчүрүлдү. Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Көк-Терек участкасында 17 үй толугу менен күйүп жок болду. Аталган 17 үйдө 85 адам жашап турган. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Саада, Максат айылдарында жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык, борбордук Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куюучу бекет да бар. Кырдаалды дагы-да изилдеп жатабыз. Канча бир адам барымтага алыныптыр деген да сөздөр болуп жатат. Аны да штабда териштирүү топтору түзүлгөн. Ошонун үстүндө иштеп жатышат», - дейт ал.


Ошондой эле ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин да Кызыл-бел бажы постунда ок атышуу фактысы катталганын айтат:

 

«20 минут мурун Кызыл-Бел бажы постунда атышуу болуп кетти. Бирок, ал дароо токтоду. Бул фактыны каттадык. Бул биздин ок атууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгондон кийинки биринчи факт болуп жатат. Эки тарап атышып кетишти. Бирок, аны токтоттук».


Ал эми согуштук кагылышууларда Тажикстан тарап толугу менен ээлеп алды делген жерлер тууралуу «Согуштук кагылышуулар болгон жерлер болгон, бирок алардын баарын басып алды дегенден алыспыз. Согуштук кагылышуулар болгон жерлерден көчүргөн кишилерди биз кайра кайрый элекпиз. Ал жерлерде биздин посттор бардыгы турат», - деген пикирин билдирди. 


Айыл өкмөттөрү, акимчиликтерге кандай медикаменттер, кандай азык-түлүктөр керек экендиги боюнча тапшырма берилип, аларды жеткирип берүү боюнча иштерди жасап жатканын кошумчалады.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн