Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Суваналиев: Адахан Мадумаровду колдобоймун

27.11.2020 11:24
6370
Өмүрбек Суваналиев: Адахан Мадумаровду колдобоймун


Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” үналгысына курган маегинде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду президенттик шайлоодо колдобой турганын билдирген. Ошондой эле Суваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу боюнча БШКга кайрылганын туура эмес деген.


Мадумаров Орусияга барып, ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир чиновник саясатты дагы ойлошу керек. Ушул кагазды жибергенден кийин кандай саясат болот деп ойлошу керек. “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон (парламенттик-ред.) четтетип салганда биз саясатчы катары аны жакшы жакка буруп кеттик. Азыр дагы ошондой болот. Бирок, мен аны президенттик шайлоодо колдобоймун”, - дейт ал.   

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Салиха
Мадумаровту туруктуу бир принциптуу инсандар колдошот
Сабыр Тилегенов
Адахамжондун куу экенин Катани кошулуп жүрүп билиптирда!Курсан Асанов,Масалиевтер да качат эми!!!Жуурканына карап бутун сунбаганда Адахамжон!!
Медет
Эми сиз уялбай кантип аларга барып кошуласыз.Сиз Курсант эконор революция учурунда(тонкорушто) бийликке келген топко кошулуп кетууну козоп "Бутун Кыргызстанды" чанып кеттинер окшойт.Бир Катани колдобосо "Бутун Кыргызстан"андан кемип калбайт.Артыныстар бутундой бир армия тургандай суйлойсуз да.5-ноябрада сиздин дараметинизди кордукко.Таластан 1% жетпеген добуш алдыныз.Какой позор.
Узбеков Исламбек Махмадалиевич
Мен ойлопун туруктуу деп.
Клара Матанова
Мыйзамдуулук деп кыйкыргандарга мыйзам бузса болот экен да силердин оюнар боюнча, уят барбы?