Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өмүрбек Суваналиев Садыр Жапаровго жооп кайтарды

10.10.2022 09:18
386
Өмүрбек Суваналиев Садыр Жапаровго жооп кайтарды

Президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткен себеби боюнча комментарий берди. 9-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип ал 2021-жылы чек арадагы кандуу окуя учурунда элди эвакуациялоо жана тажик тарап менен сүйлөшүү иштери менен алек болуп жүргөнүн, кагылышууну өз күчтөрү менен токтото алышканын айтты.


"28-апрелде чек арадагы абалды жайгаруу үчүн Кызыл-Бел менен Гүлистан бекеттеринин ортосунда нейтралдуу тилкеде чоң делегация болуп, Согди облусунун губернатору менен жолугушуу өткөрдүк. 29-апрелде элди эвакуациялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акимдер бардыгыбыз өзүбүздүн функционалдык милдеттерди аткарып жаттык. Бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин тынчтык келишими кабыл алынып, протоколго кол коюлду. Ятимовдун (Тажикстандын УКМК башчысы) катышуусунда өткөн жолугушууну тажик тарап тартып чыгарган. Ошол жолугушууга кеткенде кабинетимди келип тартышып, “Суваналиев ордунда жок” деп маалымат таратышкан. Айта кетүүчү нерсе – ал күндөрү бир дагы чоң чиновник Баткенге келген эмес. Биз өзүбүз ошол кагылышууну токтотконбуз. Президентке тынбай маалымат берип тургам. Ал эми кызматтан кеткенибиздин себеби – 30дан ашык адам каза болуп, моралдык жоопкерчилик бар эле",- деди Суваналиев.


9-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, иштен алынган жетекчилер тууралуу суроого да жооп берген. Ал Суваналиев чек арадагы окуя учурунда иш бөлмөсүнөн чыкпай, жашынып отуруп алганын айткан. “Сүйлөсө асманды сүйлөгөн, бирок ишке келгенде ноль” жетекчилер бар экенин айткан Жапаров Өмүрбек Суваналиевди мисал кылган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн