Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Суваналиев Сай айылынын тургундары менен жолугушту

07.04.2021 14:58
1208
Өмүрбек Суваналиев Сай айылынын тургундары менен жолугушту

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Баткен районунун Сай айылынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилей кетсек, Сай айылы Өзбекстан Республикасынын Сох району менен чектеш жайгашкан. Айылда 2 миң 300дөн ашуун эл жашайт.


Алгач айыл тургундарына КР өкмөтүнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Алишер Эргешов чек араны тактоо иштеринин жүрүшү жана акыркы каралып жаткан чечимдер тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.


Жергиликтүүлөр чек араны тактоо жумуштары боюнча бир катар сунуш пикирлерин айтып, демаркациялоо иштеринин жүрүшүннө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.


Сай айылынын эли чек ара маселесин чечүүдө жергиликтүү элдин пикирин эске алуу, аймактын чек арасын жакшы билген жарандардан чек араны тактоодо өкмөттүк комиссияга кошуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Суваналиевден колдоо көрсөтүүсүн суранышты.


Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлгө чек ара айылынын социалдык абалы, инфраструктурасы боюнча бир катар суроолор болду.


Жыйынтыгында облус башчысы айылдын электр энергиясынын кубаттуулугунун сапатын жогорулатуу, эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу, сел коргоо тосмолорун курууну ишке ашыруу, Сай айылын Кадамжай району менен байланыштырган ички 4 чакырым жолду баланска алуу, оңдоо, айылдын кире беришиндеги чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларындагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү боюнч, жолугушууга катышкан жетекчилерге жеринде тапшырмаларын берди.


Ошондой эле курулушу 2014-жылы башталган типтүү мектептин курулушунун каржы маселеси чечилгени, мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилери айтылды.


Суваналиев эл менен болгон жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын, алдыда чек аралаш аймактагы элдин жашоо шартын жакшыртуу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо жаатында пландуу жумуштар ишке ашырылаарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн