Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев чек арадагы абал боюнча маалымат берди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" жазды.
Суваналиевдин айтымында, абал курч бойдон калууда.
"Азыр маал-маалы менен чатак күчөп кетип жатат. Биз бардык шарттарды эске алганбыз. Атайын штаб дагы иштеп жатат. Үч айыл аймакка өзгөчө абал режими киргизилди. Азыркы учурда жергиликтүү калк коопсуз аймакка көчүрүлүүдө.
Согди облусунун жетекчиси менен сүйлөштүк. Ал Исфара районунун акимине камераларды алуу тапшырмасын берген, бирок аким тапшырманы аткарган эмес.
Бизде керектүү күч азырынча жетиштүү",- деди Суваналиев.
Пикирлер (1)