Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев өзүн дагы деле депутат деп эсептейт

19.01.2021 18:24
1112
Өмүрбек Текебаев өзүн дагы деле депутат деп эсептейт

Өмүрбек Текебаев өзүнүн мандаты азыр да күчүндө экенин айтты. Бул тууралуу ал АКИпресске билдирген.


"Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирди. БШКга соттун чечимин аткарууга же Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылууга 3 ай убакыт берилген. Ошондуктан дагы деле мандатым бар жана мен Жогорку Кеңештин депутатымын", - деп белгиледи депутат.


БШК соттун чечимин кандайча аткарат деген суроого Текебаев БШК соттун чечиминин негизинде мандатын алып салуу боюнча чечим кабыл алат деп жооп берди. "Бирок БШК дагы деле туура экенине ишенет жана менин маалыматым боюнча, соттун чечимине каршы даттанууга ниеттенип жатат" деди ал.


Эске салсак, Темирлан Ормуков Текебаев мандатын мыйзамсыз алган деген арыз менен Бишкек Администрациялык сотуна  кайрылып, утуп алган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Талантбек
Текебаев чыныгы лидер коро албаган корлор ичи ачышып датанып жатасынар кимдин буйругун аткарып жатасынар соттор.