Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев соттун чечими боюнча пикирин билдирди

25.12.2020 17:17
1327
Өмүрбек Текебаев соттун чечими боюнча пикирин билдирди


Текебаев анын  мандатынын алынышын саясий чечим деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы "Кактус.медиа" агенттигинин журналистинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


"Бизди соттогондо дагы, ыкчам тергөө иштери жүргөн. Жээнбековдун учурунда дагы парламенттик шайлоого катышпаш үчүн атайылап создуктурушкан. Жана менин ага катышуудан баш тартуум ушул фактыга бир аз байланыштуу. Мыйзамдарда мандат номер боюнча эмес, кийинки талапкерге берилет деп жазылгандыгын эсиңиздерге салгым келет. Мен талапкерлердин тизмесинен чыккан жокмун, демек мен кийинки талапкер болдум. Эгерде актоо өкүмү чыкса, анда сот БШКны мандатын кайтарып берүүгө милдеттендирип, андан кийин БШК мандатын бирөөдөн алып салышы мүмкүн. Бирок андай чечим болгон эмес”,- деди Текебаев


Эске салсак, Текебаев мындан ары соттошпой турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн