Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Текебаевди дебатка чакырамын

23.11.2020 15:54
790
Өмүрбек Текебаевди дебатка чакырамын


Конституциянын атасы делген Текебаевдин жазган мыйзамдары  экономиканы сазга батырды! Азыр кыргыздын эки миллионго жакын жараны чет өлкөдө тентип жүрүшөт! Эгер Текебаевдин жазган мыйзамдары эффективдүү болгондо жашоо жакшырып, өлкөбүз дүркүрөп өнүгөт эле го! Кыргыз айымдары ата бабабыз баспаган жерлерде жандарын  карт уруп балдарын багайын, насыяны төлөйүн деп билим берүүнүн отличниктерине чейин  карыган адамдарды багышып иштеп жүрүшөт! Бизде намыс деген кайда?!


Борбордук Азия өлкөлөрү дүркүрөп өнүгүп жатышат! Жада калса кошуна өлкөлөр бизге гуманитардык жардам беришет.  Азыр бир миллионго жакын кыргыз  жараны 2.5 миллиард доллар насыяга белчесинен батты! Өткөн жумада Конституциянын атасы делген Текебаевди Пирамида каналына дебатка чакырганда келбей койду. Себеби ал жазган Баш мыйзамдын беренелери бири-бирине каршы келет. Бул мыйзамдардын баары чириген олигархтарга иштеп келгени чындык! Ишенбесеңер дасыккан укук коргоочулардан сурагыла. Чындык ачуу, бирок жемиши таттуу болоорун унутпагыла! Азыркы тапта бизге конституциялык реформа керек, бул замандын талабы жана негиздүү! Убакыттан пайдаланып дагы бир жолу Өмүрбек Текебаевди дебатка чакырам!


Замир Айылчиев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акунбек Кожоев
Кеп мыйзамда эмес кеп элбашчыларда.