Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаевди эмнеге каралай баштады?

19.11.2020 10:23
505
Өмүрбек Текебаевди эмнеге каралай баштады?

Социалдык түйүндөрдө “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кескин түрдө каралай баштаган топ пайда болду. Бул өнөктүк 17-ноябрда парламенттин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылып, ага Текебаев каршы чыккандан кийин күч алды.


 “Конституцияга 80 депутаттан кем эмес топ гана өзгөртүү киргизүүнү сунуш кыла алат. Булар жаңы Конституцияны сунуштап жатат. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, жаңы Баш мыйзамды 80 эмес, 120 депутат да киргизе албайт. Экинчиден, Конституциялык палатадан уруксат сурашы керек эле. Ал органда кворум бир айга чейин болбойт. Булар зордук, алдамчылык менен кабыл алып кетебиз дейт”, - деген Текебаев 18-ноябрда “Азаттык” үналгысында болгон талкууда.


Чынында Текебаев 2010-жылдагы Баш мыйзамдын “атасы” катары андагы нормаларды, Конституцияны оңдоп-түзөөнүн жолдорун сунуш кылды. Ошондой эле ал учурда сунушталып жаткан жаңы долбоор мыйзамды бузуу менен жүрүп жатканын белгиледи. Буга улай эле Өмүрбек Чиркешовичти каралоонун күч алганы эмнени каңкуулайт?

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Текебаев чындыкты айтты.