Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Азыр акчаны банктан алып келем". Баткенде алмаларды дүң баада алып изин жашырган жаран Бишкектен кармалды

03.04.2023 16:27
255
"Азыр акчаны банктан алып келем". Баткенде алмаларды дүң баада алып изин жашырган жаран Бишкектен кармалды

Баткенде “Алдамчылыкка” шектелип издөөдө жүргөн тургун Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Анда аталган райондун Кара-Булак айылынын төрт тургуну милицияга кайрылып, аларды өткөн жылдын октябрында “К” аттуу жаран алмаларды дүң баада баалашып алып, “азыр банктан акча алып келип беремин” деп изин жашырып кеткендигин билдирген. Жабырлануучуларга 119 миң сомго зыян келтирилгенин кабарлашкан.


Аталган факт “Алдамчылык” беренеси менен катталып, тургунга издөө иши ачылган.


Натыйжада 2023-жылдын 2-апрелинде ал Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Ошондой эле анын өздүгү такталып, ал Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну мурда бир нече жолу соттолуп, издөөдө жүргөндүгү аныкталып, Баткен шаарына алынып келинген. 


 Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн