Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 18:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

"Базар-Коргон суу канал" ишканасынын жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

24.04.2025 12:29
36
"Базар-Коргон суу канал" ишканасынын жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды


"Базар-Коргон суу канал" ишканасынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, шектүүлөр абоненттердин акчасын кымырып алууга шектелүүдө.


"Аталган ишкананын директору А.К.Э., башкы инженер С.Ш.З. жана техникалык адис Ж.А.Ж. шаардын авариялык абалга кептелген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, өз ара бөлүшүп жүрүшкөн. Кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу максатында каражатты фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан", — деп айтылат маалыматта.


Шектүүлөр камакка алынып, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн